Бишкектеги “Орто-Алыш” суу топтомосу текшерилди

Бишкектеги “Орто-Алыш” суу топтомосу текшерилди

14-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Орто-Алыш” суу топтомосундагы суу менен камсыздоону жакшыртуу иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

​Маалыматка ылайык, учурда суу топтомонун аймагында 12 толуктоочу көл иштеп жатат. Быйылкы жылы “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен он экинчи толуктоочу көл курулду, ал объекттеги ири көл болуп саналат. Аны бир айдын ичинде пайдаланууга берүү пландалууда.

Жаңы сиңдирип алуучу көлдүн түзүлүшү жер астындагы суу камдарынжасалма жол менен толуктоо көлөмүн көбөйтүүгө, “Орто-Алыш” суу топтомосунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана борбор калааны ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын ишенимдүү иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

“Орто-Алыш” суу топтомосу Бишкек шаарынын жашоочуларынын 40%дан ашыгын ичүүчү суу менен камсыз кылат, ошондуктан анын туруктуу иштеши стратегиялык мааниге ээ. “Бишкексууканал”муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык сиңдирип алуучу көлдөр суу менен толук толтурулган, суу ресурстарынын тартыштыгы байкалган жок.

“Алдыда абанын температурасынын жогорулашы күтүлүүдө. Биз шаардыктарды суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылышыбыз керек. Көрүлүп жаткан чаралар буга чейин эле оң натыйжаларын берип келген, бирок шаардын сууга болгон муктаждыгы жыл сайын өсүүдө”, – деп баса белгиледи шаар мэри Айбек Жунушалиев. 

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media