Нарындагы инновациялык мектепте оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Нарындагы инновациялык мектепте оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Нарын шаарындагы №4 инновациялык мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жалпы билим берүү мекемеси 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, инновациялык мектептер жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруунун, STEM-билим берүүнү өнүктүрүүнүн, санариптик технологияларды кеңири жайылтуунун жана мектептер аралык кызматташууну чыңдоонун негизги аянтчасы болуп эсептелет.

Учурда мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери белгиленген графикке ылайык кызуу жүрүп жатат. Имараттын биринчи, экинчи жана үчүнчү кабаттарындагы дубалдардын эски катмары толугу менен тазаланып, сырдоогө даярдалды. Полдор алынып, электр зымдары толугу менен жаңыртылды. Ошондой эле спорт зал, жыйындар залы STEM-кабинеттерин жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media