2027-жылдан тарта желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

2027-жылдан тарта желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

Мамлекеттик саясаттын алкагында, глобалдык демилгени жигердүү колдоого алуу менен, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги этап-этабы менен айрым түрдөгү желим буюмдардын жана полимердик пленкалардын жүгүртүүсүн чектөөнү киргизип жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, желим буюмдардын калдыктарына байланыштуу экологиялык көйгөйлөр, алардын адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна тийгизген таасири жылдан-жылга дүйнөлүк масштабда глобалдык мүнөзгө ээ болууда.

Желим буюмдан жана андан келип чыккан булгануу адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет, ал биздин организмге күн сайын желим нерсе менен болгон өз ара аракеттенүүдөн улам микро- жана нано-бөлүкчөлөр түрүндө кирет, бул тамак-аш, таңгак, суу, аба аркылуу болот. Ар кандай технологиялар менен жасалган желим буюмдардын чириши орточо эсеп менен 400дөн 700 жылга чейин созулат. Полиэтилен баштыктар жаратылышта 100-200 жыл бою чирип, туруктуу органикалык булгоочу заттар болуп саналат. 

2023-жылдан баштап, өлкөдө мыйзамдуу түрдө Ысык-Көл облусунда, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында кээ бир желим буюмдардын жана полимер пленка баштыктарынын жүгүртүүсүнө чектөө киргизилген.

2027-жылдан баштап, полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана желим буюмдарды өндүрүүгө, сатууга тыюу салынат. 

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Улуттук банк 8-августка карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Ага ылайык, доллардын курсу өзгөрүүсүз, тагыраагы 87,4500 сом бойдон калды. Евро 100,9435 сомдон 100,7730 сомго түшүп, 0,17%га төмөндөдү. Ал эми рублдин курсу 1,0652 сом деп белгиленип, 1,36%га түштү. Теңге болсо 0,1871 сомдон