Бишкекте ШКУ саммитине карата жашылдандыруу иштери жүрүүдө

Бишкекте ШКУ саммитине карата жашылдандыруу иштери жүрүүдө

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктын алкагында борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын адистери комплекстүү иштерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда “Манас” эл аралык аба майданына алып баруучу унаа жолундагы транспорттук түйүндө жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзгөн жерге газон себүү иштери толугу менен аяктады. Газондун сапаттуу өсүшүн камсыз кылуу максатында ишкананын адистери атайын сугаруучу техникалардын жардамы менен күн сайын сугаруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, жалпы аянты 16 миң чарчы метр болгон күндөн коргоочу тор орнотулду. Ал топурактын нымдуулугун сактоого көмөк көрсөтүп, өсүмдүктөрдүн жакшы тамыр алышына ыңгайлуу шарт түзөт.

Ошондой эле 14 миң 200 чарчы метр аянтка геотор төшөлүп, анын ичине түшүмдүү топурак толтурулуп, газон чөптөрү себилди. Азыркы учурда бул тилкеде жаш көчөттөрдү үзгүлтүксүз сугаруу жана агротехникалык багуу иштери жүргүзүлүүдө.
Муну менен катар “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын адистери бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштерин да улантышууда.

Борбор калааны ШКУ саммитине даярдоонун алкагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери бекитилген графикке ылайык улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат