Кыргызстанда компанияларды каттоо эрежелерин министрлик кантип өзгөртүп жатат?
Мындан бир нече жыл мурда эле өзүнүн компаниясын ачуу кыйынчылыктарды жаратып, чыныгы бюрократиялык жолду басып өтүү дегенди билдирчү. Документтердин чоң пакетин даярдоо, нотариустан кол тамгаларды күбөлөндүрүү, юстиция органдарына бир нече жолу баруу, кезек күтүү менен бир нече күндөн кийин гана каттоо күбөлүгү колго тийчү.
Учурда бул жол-жоболор таптакыр башка нукка өзгөрдү. Ишкерликти баштайм деген адамга компьютер, интернетке кирүү жана электрондук кол тамга эле жетиштүү. Бир нече чыкылдатуу менен эле компания каттодон өтүп калат.
Мындай караганда, жөнөкөй көрүнгөн бул өзгөрүүлөрдүн артында Юстиция министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бюрократиядан арылтуу боюнча масштабдуу иши турат десек жаңылыштык болбойт. Мында айрым процесстерди санариптештирүү гана эмес, юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу боюнча мамилелерди толугу менен кайра кароо жөнүндө да кеп болуп жатат.
Чүй – Бишкек юстиция башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев белгилегендей, эң маанилүү кадамдардын бири – бул коммерциялык уюмдарды онлайн каттоо болуп калды.
“Бүгүн ишкерлерге ишин баштоо үчүн юстиция органдарына келүүгө, кезек күтүүгө жана жолго кетүүчү убактысын коротууга эч кандай муктаждык жок. Эгерде интернет жана электрондук же булуттук кол тамга болсо, юридикалык жактарды үйүнөн чыкпай туруп эле каттоого болот”, – дейт ал.
Баарынан да маанилүүсү, каттоо күбөлүгүнүн кагаз түрү артта калды. Эми документ электрондук түрдө түзүлөт да, зарыл болгон учурда аны өз алдынча басып чыгарып алууга болот.
Бирок санариптештирүү реформалардын бир гана бөлүгү.
Мамлекеттик органдардын иштөө принциби да байкаларлык өзгөрдү. Эгер мурда ишкер ар кандай маалымкаттарды өз алдынча чуркап чогултуп, салык жана башка мекемелерге да барууга аргасыз болсо, эми бул иштин олуттуу бөлүгүн мамлекет өзүнө алууда.
Буга карата эң жакшы мисал юридикалык жактарды жоюу жол-жобосунун жөнөкөйлөшкөнүн да айтууга болот. Мурда арыз ээси салык жана бажы органдарынан карызы жоктугу тууралуу маалымкаттарды жеке өзү алышы керек болчу. Азыркы учурда бул маалыматтарды юстиция органдары ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү алкагында өз алдынча сурап алышат. Бизнес үчүн бул бюрократиялык бир этаптын азайышын билдирет.
Дагы бир маанилүү өзгөрүү – юридикалык жактар боюнча юстиция органдары тарабынан көрсөтүлүүчү бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн аймактан тышкарылыгы (экстерриториялуулугу). Эгерде мурда компания өзүнүн юридикалык дареги боюнча гана катталышы, кайра катталышы, жоюлушу мүмкүн болсо, ал эми азыр ишкер өз уюму кайда иштебесин, юстициянын каалаган аймактык башкармалыгына кайрылууга укуктуу.
Мындан тышкары, аймактан тышкарылык (экстерриториялуулук) принциби башка кызмат көрсөтүүлөргө, атап айтканда, юридикалык жактар үчүн ар кандай түрдөгү билдирүүлөр жана документтерди алуу сыяктуу нерселерге да тиешелүү болду. Бишкекте жүрүп, Баткен, Ош же өлкөнүн башка каалаган облусундагы юридикалык жактар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга болот, кыдырып чыгууга убакыт жана акча коротуунун кереги жок.
Компаниялардын ишин токтотуу жол-жоболору ырааттуу түрдө жөнөкөйлөштүрүлүүдө. Жоюу учурунда кредиторлордун талаптарын күтүү мөөнөтү эки айдан бир айга чейин кыскартылды. Юридикалык жактарды мажбурлап жоюу тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү, ошондой эле иш жүзүндө көптөн бери иштебей калган уюмдарды каттоодон чыгарууга мүмкүндүк берген мамлекеттик реестрди жаңыртуу механизмдери жакшыртылды.
Жалпысынан алганда, корпоративдик мыйзамдар да өзгөртүүлөргө дуушар болду. Юстиция министрлиги юридикалык жактардын башка компанияларды түзүүгө катышуусуна байланыштуу бир катар чектөөлөрдү да кайра карап чыкты. Жаңы ченемдер катышуучулардын жоопкерчилигинин механизмдерин сактап калуу менен бирге, корпоративдик ийкемдүү түзүмдөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул инвестицияларды тартуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратары шексиз.
Кийинки этап – бул каттоону гана эмес, кайра каттоо, жоюу, ошондой эле юридикалык жактардын маалымат реестриндеги өзгөрүүлөрдү электрондук форматка которуу. Бул кызмат көрсөтүүлөр ишке киргенден кийин, компаниянын жашоо циклинин дээрлик бардыгын – түзүлгөндөн баштап ишин токтотконго чейинки процессти дистанция аркылуу өтүүгө болот дегенди тушүндүрөт.
Тез бүтүрүү маанилүү болгондор үчүн, бүгүнтөн баштап тез кызмат көрсөтүү тутуму иштеп жатат. Арыз берүүчүнүн муктаждыгына жараша, каттоо, кайра каттоо же жоюу стандарттык мөөнөттөрдө гана эмес, бир жумуш күндүн, алты же үч сааттын ичинде да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай механизм ишкерлердин убактысын үнөмдөп гана тим болбостон, процессти мүмкүн болушунча ачык-айкын кылат, бул процессти тездетүүнүн расмий эмес жолдорун издөөнүн кажетин жокко чыгарат.
Жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн суроо-талапка ээ экендигин сандар да ырастайт. 2025-жылы гана Чүй – Бишкек юстиция башкармалыгы 10 миңден ашык юридикалык жактарды каттап, 9716сын кайра каттоо жүргүзүп, 1412 ишкердикти токтотууну каттаган. Жалпысынан юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо боюнча 22 130 мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн.
Тездетүү жол-жоболоруна болгон суроо-талап да өсүүдө. Бир жылдын ичинде башкармалыктын адистери 6749 ыкчам каттоону, 2199 ыкчам кайра каттоону жана 88 ыкчам иш-аракетти токтотууну каттоону аткарышты. Ишкерлер санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү өзгөчө жигердүү колдонуп жатышат. Бир гана онлайн-каттоонун жардамы менен бир жылда дээрлик 8 миң жаңы коммерциялык уюм түзүлдү, мында кызматтардын олуттуу бөлүгү бир жумуш күндүн, алты же үч сааттын ичинде көрсөтүлгөн.
Бардык бул өзгөрүүлөр Юстиция министрлиги акыркы жылдары ырааттуу ишке ашырып жаткан мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу боюнча масштабдуу саясаттын бир бөлүгү болуп саналат. Реформалардын башкы принциби жөнөкөй: мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр мүмкүн болушунча ыңгайлуу, тез жана түшүнүктүү болушу керек, ал эми жарандын мамлекет менен өз ара аракеттешүүсү эң аз убакытты талап кылышы абзел.
Мына ошондуктан бизнести каттоо акырындык менен администрациялык татаал жол-жобо болуудан четтеп, заманбап санариптик кызматка айланып баратат, ал компанияны ачууга, анын ишине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же мамлекеттик мекемелерге ашыкча документтерсиз, кезекте туруусуз жана ашкере убаракерчиликсиз ишмердүүлүктү токтотууга мүмкүндүк берет.