Кара-Кулжанын Ылай-Талаа айылына 124 млн сомго мектеп курулууда

Кара-Кулжанын Ылай-Талаа айылына 124 млн сомго мектеп курулууда

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында Т. Назаров атындагы жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 124 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 1630 чарчы метрди, 150 окуучуга ылайыкталган. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залдан турат. Мындан тышкары, аймакка кичи футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулат.

Объекттин курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө лифт орнотулуп, жылытуу жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media