Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда
Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн.
Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча райондук электр тармагына кайрылууңуз керек. Байланыш үчүн 105 - акысыз чалуу, +996 772 001209, +996 556 001209, WhatsApp: +996 702 001209.
Адистер эсептегичтин көрсөткүчүн, системадагы маалыматты жана эсептөө таржымалын салыштырып, техникалык айырма тастыкталса маалыматтар оңдолуп, эсептөө иш жүзүндөгү маалыматка ылайык келтирилет.
Эсептегичтерди алмаштыруу электр энергиясын эсептөөнүн тактыгын жогорулатуу, маалыматты автоматтык түрдө өткөрүү жана керектөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.