Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 51 миң 888 сомду түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25%га өстү. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу эмгек акы 13,1%га жогорулады.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-май айларында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу орточо айлык номиналдык эмгек акынын өсүшү экономикалык ишмердиктин бардык түрлөрү боюнча ишкана жана уюмдарда байкалган.

Айлык акынын эң көп өсүшү маданият, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында – 42,9%ды, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында – 38,2%ды, билим берүүдө – 34,6%ды, айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоодо –34,4%ды, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте – 32,2%ды түзгөн.

Ошондой эле суу менен камсыздоо, саркынды сууларды тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра иштетилүүчү чийки заттарды алуу тармагында –28,3%га, кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүүдө – 24,9%га, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда – 23,7%га, курулуш тармагында –22,5%га, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында – 20%га өскөн.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу