Бир жумада жол эрежесин бузган 23 миңден ашуун айдоочу аныкталды

Бир жумада жол эрежесин бузган 23 миңден ашуун айдоочу аныкталды

Кыргызстандын аймагында 17-июлдан 23-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 23 миң 735 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, катталган мыйзам бузуулардын арасында тиешелүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу боюнча 4 миң 619 факт, транспорт каражатын мас абалында айдоо боюнча 429 учур аныкталган.

Ошондой эле автоунаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу боюнча 222, жөө жүргүнчүлөр жол эрежесин бузга учурлар 924, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо талаптарын бузуу боюнча 4 миң 451 факт катталган.

Мындан тышкары, жолдогу автоээнбаштык боюнча 22 учур, белгиленген ылдамдык чегинен ашуу боюнча 1 миң 226 факт, жалган мамлекеттик номур менен унаа башкаруу боюнча 11 мыйзам бузуу аныкталган.

Башка жол эрежелерин бузуу фактыларынын саны 8 миң 614тү түздү.

Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 миң 217 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматтары айдоочуларды жол эрежелерин сактоого жана коопсуз айдоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media
Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту. Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен

Ишкер Media