Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат
1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга жана башка социалдык объектилерге суу берилбейт.
"Бишкексууканал" тургундардан алдын ала суу камдап алууну суранат.