Мас абалда унаа башкаргандар 126 млн сомдон ашык айып пул төлөшөт

Мас абалда унаа башкаргандар 126 млн сомдон ашык айып пул төлөшөт

Мас абалында унаа башкаргандарга карата жаза күчөтүлгөнүнө карабастан, мындай мыйзам бузуулар токтой элек. 20-июндан тартып жаңы талаптар күчүнө киргенден кийинки бир ай ичинде өлкө аймагында 1500дөн ашуун мас айдоочу аныкталды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, аларга карата 126 млн сомдон ашуун айып пул салынган. Ал эми 2026-жылдын алты айында мас абалында унаа башкарган 9600дөн ашык учур катталган.

Жаңы мыйзамга ылайык, мас абалында транспорт каражатын башкарган айдоочу эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратылып, 80 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Мындан тышкары, мас абалда унаа айдап, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына себепкер болгон учурда жоопкерчилик күчөтүлүп, күнөөлүү адам 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылып, 12 жылга чейин транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Статистикага ылайык, адам өлүмү менен коштолгон оор жол кырсыктарынын себептеринин арасында мас абалда унаа башкаруу, каршы тилкеге чыгуу жана ылдамдыкты ашыруу негизги орунда турат.

Министрлик айдоочуларды жол коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Ичимдик ичкенден кийин рулга отурбоо — өзүнүн жана башка жол катышуучуларынын өмүрүн сактоонун эң маанилүү шарттарынын бири.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик