Пенсия октябрь айынан тарта көбөйтүлөт
Кыргызстанда пенсия ушул жылдын октябрь айында көбөйтүлөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, көбөйтүү бюджет кирешелерине жараша аныкталат. Президенттин тапшырмасына ылайык, пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.
Социалдык фонддун маалыматына караганда, эң төмөнкү пенсия 7 100 сом, орточо пенсия 11 300 сомду түзөт.