Баткенде селдин кесепеттерин жоюу боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү

27-июлда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткен шаарынын селден жабыркаган аймактарын жеринде көрдү. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчмө жыйынга Жарандык коргонуу кызматтарынын, Баткен шаарынын мэриясынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилери катышты.

Жетекчилер Баткен шаарынын Сайдыман ажы жана К.Турмаматов көчөлөрүндө, ошондой эле Баткен – Ош унаа жолунда жайгашкан көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, аларды өзгөчө кырдаалдар учурунда чоң көлөмдөгү сел сууларын тоскоолдуксуз өткөрүүгө ылайыкташтыруу маселелерин жеринде карашты.

Мындан тышкары, сел жүрүү коркунучу бар аймактардагы мыйзамсыз курулуштарды алуу, сел өтүүчү каналдарды жана нугун тазалоо, жээктерди бекемдөө, ошондой эле мындай кырсыктардын кесепеттерин азайтуу боюнча тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, 24-июлунда Баткен шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөргө, ички көчөлөргө, унаа жолдоруна, көпүрөлөргө жана административдик имараттарга зыян келтирген. Учурда жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү иштери улантылып, селдин кесепеттерин жоюу жана келечекте мындай кырдаалдардын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media