Эгемендүүлүк күнү 11-12-сентябрда белгиленет
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 11-12-сентябрда Талас шаарында өтөт.
Мындай чечим Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйындын жыйынтыгында кабыл алынды.
Буга чейин Эгемендүүлүк күнү 31-августта белгиленип келген.
Быйыл бул күндөрү Бишкекте ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө тургандыктан, майрам сентябрга жылдырылды.