Мыйзамсыз аңчылык кылгандар эркиндигинен ажыратылат

Мыйзамсыз аңчылык кылгандар эркиндигинен ажыратылат

Президент Садыр Жапаров браконьерлик үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамга кол койду.

Эгер мыйзамсыз аңчылык кылуу, балык же суу жаныбарларын кармоо олуттуу зыянга алып келсе, мыйзам бузган адамга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат же 2 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзамсыз аңчылык же балык уулоодо унаа, сүзүүчү каражат, авиация, жардыргыч заттар, химиялык каражаттар, электр тогу, синтетикалык торлор же жаныбарларды массалык түрдө жок кылуучу башка ыкмалар менен жүргүзүлсө, 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салынат же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

өмөнкү учурларда 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат:

коруктарда браконьерлик кылганда;

сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарларды жок кылганда;

кызматтык абалынан пайдаланып мыйзам бузганда;

өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргенде;

этиятсыздыктан оор кесепеттерге алып келгенде.

Мыйзамга ылайык:

олуттуу зыян — 10 миң сомдон башталат;

ири зыян — 100 миң сомдон башталат;

өзгөчө ири зыян — 1 миллион сомдон жогору сумма деп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media