Ошто бала бакчанын аймагына курулуп калган мыйзамсыз объектилер алынды

Ошто бала бакчанын аймагына курулуп калган мыйзамсыз объектилер алынды

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан “Таң шооласы” бала бакчасынын аймагын иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын аймагына курулуп калган эски жана мыйзамсыз объектилер бузулуп, учурда аймак курулуш таштандыларынан тазаланууда.

Аталган иштер балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм сервиси ишке киргизилди

Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм сервиси ишке киргизилди

Кыргызстандын банктык төлөм карталарынын ээлерине Apple түзүлүштөрү аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн коопсуз, тез жана ыңгайлуу төлөм жүргүзүүгө, ошондой эле мобилдик тиркемелерде жана интернет тармагында сатып алууларды ишке ашырууга мүмкүндүк берген Apple Pay эл аралык төлөм сервиси жеткиликтүү болуп калды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Apple Pay

Дыйкандарга 81 сомдон күйүүчү май берилди

Дыйкандарга 81 сомдон күйүүчү май берилди

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы тескемесине ылайык, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо максатында жеңилдетилген баада дизелдик отун менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, аталган тескемеге ылайык, республика боюнча жалпы 7 000 000 литр дизелдик отун 1 литри 81 сомдон бөлүнгөн. 23-июлга карата республика боюнча

Шопоков шаарына жаңы сейил бак курулат

Шопоков шаарына жаңы сейил бак курулат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шопоков шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан аймакка жаңы сейил бак куруунун эскиздик долбоору иштелип чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор шаар тургундары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөө мейкиндигин

Жөнөкөй, коопсуз жана жеке төлөм жүргүзүү кызматы болгон Apple Pay эми BAKAI карталарынын ээлери үчүн жеткиликтүү

Жөнөкөй, коопсуз жана жеке төлөм жүргүзүү кызматы болгон Apple Pay эми BAKAI карталарынын ээлери үчүн жеткиликтүү

Бүгүнтөн тартып BAKAI тарабынан чыгарылган Visa карталарынын ээлери Apple Pay кызматын колдоно алышат. Бул мобилдик төлөмдөрдү жаңы деңгээлге чыгарган, тез, ыңгайлуу, коопсуз жана жеке төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган кызмат. Apple Pay кызматында коопсуздук жана купуялуулук башкы орунда турат. Кредиттик же дебеттик картаңызды Apple Pay кызматына кошкондо, картанын номери түзмөгүңүздө да,