Абанын сапатын жакшыртууга 60 млн долларды түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда

Абанын сапатын жакшыртууга 60 млн долларды түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрликтин борбордук аппаратынын, мекемелик жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышып, 2026-жылдын алты айында аткарылган иштердин жыйынтыгы, жетишилген көрсөткүчтөр, ошондой эле жылдын экинчи жарым жылдыгына карата артыкчылыктуу багыттар талкууланды.

Коллегиянын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы министрликтин ишмердүүлүгүндөгү негизги жетишкендиктер: 

абанын сапатын жакшыртуу боюнча жалпы наркы 60 млн долларын түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда; 
утилдештирүү жыйымынан 159 млн 293,8 миң сом чогултулуп, калдыктарды кайра иштетүүчү 107 ишкана катталган;
таштанды полигондорунун саны 411ден 290го чейин кыскартылган; 
республика боюнча 3 млн 579 миңден ашык көчөт отургузулган; 
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына 173 270 турист келип, 19,3 млн сом киреше түшкөн; 
1 444 документке мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлүп, 1 436 оң, 8 терс корутунду берилген; 
1 180 текшерүү жүргүзүлүп, 2 902 мыйзам бузуу аныкталган, 65,5 млн сом айып жана доо салынып, 38,6 млн сому өндүрүлгөн; 
тоо-кен ишканаларынан мамлекеттик бюджетке 46 млрд 546,9 млн сом түшкөн; 
лицензияларды кармап туруу төлөмдөрүнөн 461,1 млн сом түшүп, жылдык план 122,85 пайызга аткарылган; 

Министрликтин киреше бөлүгүнө 1 млрд 908,8 млн сом түшүп, план 428,3 пайызга аткарылган; 

60 ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыгып, анын 30у кабыл алынган; 

“Электрондук бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы сыноо пайдаланууга киргизилгендиги белгиленди.

Коллегиянын жыйынтыгы менен министрликтин ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга багытталган чечимдер кабыл алынды.

 

Мындан тышкары окуңуз

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media