Бишкекте 900 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте 900 орундуу мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Түштүк-пландооаймагында 900 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Объекттин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзгөн мектеп беш блоктон турат. Анда үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы каралган.

Учурда курулуш аянтчасында 150дөн ашуун жумушчу эмгектенүүдө. Имараттын чатырын жабуу иштери жүргүзүлүп, биринчи жана экинчи кабаттардагы ички шыбак иштери дээрлик аяктады.

Курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынып, аткарылып жаткан иштердин сапаты жана курулуш нормаларынын сакталышы үзгүлтүксүз текшерилүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media