Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу планы талкууланды

Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу планы талкууланды

Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана калкты иш менен камсыз кылууга багытталган пландын долбоору талкууланууда. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жыйынга Бишкекте өткөн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Документте жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү негизги багыттар катары белгиленген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, жакырчылыкты азайтуу социалдык колдоо чаралары менен гана чектелбестен, сапаттуу жумуш орундарын түзүү жана ишкердикти өнүктүрүү аркылуу ишке ашырылышы керек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24%ды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 1,7%га төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media