УТРК Нарындын жаңы имаратын курууга 93 млн сом бөлүндү

УТРК Нарындын жаңы имаратын курууга 93 млн сом бөлүндү

Нарында УТРК Нарын облустук телерадиокомпаниясынын жаңы имаратынын курула баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Турукташтыруу фондунан 93 миллион сом каралып, анда заманбап студиялар, журналисттердин иш бөлмөлөрү жана тиешелүү шарттар түзүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө имараттын пайдубалына мезгил кутусу салынып, курулуш иштери башталды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Чолпон-Ата шаарында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Чолпон-Ата шаарында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Чолпон-Ата шаарында негизги унаа жолунун боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Шаардык ат майдандын тушундагы жашыл бөлүүчү тилкеге он декоративдүү ат скульптурасынан турган композиция орнотулду. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы объект курорттук шаардын туристтик жана маданий өзгөчөлүгүн баса белгилөөгө багытталган. Буга чейин Чолпон-Ата, Бостери жана Бактуу-Долоноту

Бишкекте 900 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте 900 орундуу мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Түштүк-пландооаймагында 900 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Объекттин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзгөн мектеп беш блоктон турат. Анда үч кабаттуу окуу

Тоо-кен тармагынан түшкөн салыктар 18,2 млрд сомго өстү

Тоо-кен тармагынан түшкөн салыктар 18,2 млрд сомго өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында тоо-кен казып алуу ишканалары төккөн салык жана төлөмдөрдүн көлөмү 46,5 млрд сомду түздү. Маалыматка ылайык, аталган каражат 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,2 млрд сомго көп. Былтыркы алты айда тоо-кен тармагынан түшкөн төлөмдөрдүн көлөмү 28,3 млрд сомду түзгөн. Ошондой

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай аймактарын түзүү боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай аймактарын түзүү боюнча кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Ташкент шаарынын Өнөр жай аймактарын башкаруу дирекциясынын директору Икромжон Усманов кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Улуттук агенттиктен билдиришкендей, документ инвестицияларды тартуу, өнөр жай аймактарын түзүү жана башкаруу жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга багытталган. Мындан сырткары, эки өлкө ортосунда бизнес-форумдарды, ишкердик миссияларды