Декларацияланбаган 42 даана алтын буюм үчүн жаран эки эселенген төлөм төлөдү

Декларацияланбаган 42 даана алтын буюм үчүн жаран эки эселенген төлөм төлөдү

"Манас" бажысынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшту.

Маалыматка ылайык, Түркиядан авиакаттам аркылуу «П.» ЖЧКсынын дарегине келген жүк бажылык кароодон өткөрүлгөн. Элдик керектөө товарларынын арасынан жалпы салмагы 88,97 граммды түзгөн 42 даана алтын буюм табылган.

Текшерүү учурунда зер буюмдардын алуучусу Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Ал буюмдарды жеке колдонуу үчүн ортомчу аркылуу сатып алып, карго кызматы менен жеткиргенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде каралган белгилер аныкталган. Жаран мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 408 миң 276 сомду эки эселенген өлчөмдө ыктыярдуу төлөп берген.

Мыйзамга ылайык, бажы төлөмдөрү жана туумдар эки эселенген өлчөмдө толук төлөнгөн учурда адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Ушуга байланыштуу кылмыш ишин козгоого негиздер табылган эмес.

Тактап кетсек, декларация — бажы органдарына товарлар, акча каражаттары же башка баалуулуктар тууралуу расмий маалымат берүү тартиби.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

Түркия Республикасынын Измир шаарында “COP31ге карай: “суу – азык-түлүк – климат” өз ара байланышын практикалык ишке ашыруу” аттуу аймактык семинар болуп, ага КРнын  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү катышышты. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев катышып, өлкөлүк тегерек

Ишкер Media
Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча макулдашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылдын 15–17-сентябрында Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн делегациялары Макулдашуунун жана аны ишке ашырууга байланыштуу Административдик макулдашуунун долбоорлорун талкуулоону аякташты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө: -        макулдашуунун колдонуу чөйрөсү жана

Ишкер Media
Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

2026-жылга белгиленген электромобилдерди алымсыз алып кирүү квотасы аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады. 2026-жылга Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН коддору 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 боюнча 25 миң электромобилге жеңилдик берилген. Маалыматка ылайык, квотанын калган көлөмү тууралуу маалымат МБКнын customs.kg сайтында

Ишкер Media
Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алды

Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алды

Яндекс Кыргызстан ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Ишкерлер күнүнүн урматына карата уюштурулуп, ардак грамотаны КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Яндекс Кыргызстандын GR-директору Азамат Буржуевге тапшырды. Ишкерлерге кайрылган сөзүндө Беназир Нурланова бизнес-сектордун маанилүүлүгүн

Ишкер Media