Манас шаарындагы бир катар бала бакчалар оңдолуп жатат
Манас шаарында бир катар мектепке чейинки билим берүү мекемелери оңдолуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине республикалык казынадан каражат бөлүнгөн.
Учурда №2 "Дружба" бала бакчасында терезе жана эшиктер алмаштырылып, ашканасы оңдолууда.
Ал эми №12 "Жылмаюу" бала бакчасында жылытуу тутуму жаңыланып, имараттын чатыры толук ондолуп жатат.
Мындан тышкары, №7 "Малыш", №17 "Каакым" жана №19 "Колокольчик" бала бакчаларында да оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.