Өлкө боюнча беш айда 666 ымыркай чарчап калды

Өлкө боюнча беш айда 666 ымыркай чарчап калды

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–май айларында бир жашка чейинки 666 бала чарчап калган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, каза болгон балдардын 448и перинаталдык мезгилде пайда болгон оорулардын, ал эми 113ү тубаса өнүгүү кемтиктеринин кесепетинен чарчап калган. Калган учурлар жугуштуу жана мите оорулар, нерв системасынын оорулары жана башка себептер менен байланыштуу болгон.

Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоону көздөп жатат. Анда кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөөнү жана бейтаптарды тиешелүү медициналык мекемелерге багыттоону жакшыртуу, төрөткө чейинки жардам көрсөтүү тартиптерин кайра карап чыгуу, жаңы скрининг технологияларын киргизүү каралган.

Ошондой эле генетикалык лаборатория түзүү жана үй-бүлөнү пландаштыруу кызматтарын өнүктүрүү боюнча иштер аткарылары айтылган.

Эске салсак, 2025-жылы Кыргызстанда 140 миңден ашуун бала төрөлгөн. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде, тагыраагы, беш айда 675 ымыркай каза болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы бала бакчаны текшерди. Бул тууралуу Курулуш министирлиги билдирди. Маалымдалгандай, объекттин курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы токтоп калган. Адистер имараттын долбоордук документтерин карап чыгып, конструкцияларына инженердик-техникалык талдоо жүргүзүп, өлчөөлөрдү алды. Жыйынтыгында техникалык абал

Ишкер Media
Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы курорттук-рекреациялык объектилер, конок үйлөр жана туристтик жайлар пландан тышкары текшерилди. Жыйынтыгында 32 объект шаар куруу мыйзамдарын бузуу менен салынганы аныкталды. Мыйзам

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабралды. Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнө - УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, ИИМ, Чек ара кызматы, ЖАМК жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө "Менин үйүм" программасы аркылуу берилди. Президент белгилегендей, жыл аягына

Ишкер Media
Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк себүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайк, быйыл ишкана 64,7 тонна буудай, 24,6 тонна арпа жыйнады. Жалпы түшүм - 89,3 тонна. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.

Ишкер Media