Бир жумада ОСАГО боюнча 2 млн 982 миң сом кенемте төлөндү
Өлкөдө 2026-жылдын алгачкы жети айында ОСАГО полистери боюнча 1 250 жаранга жалпы 120 млн 101 миң сомдон ашык кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жуманын ичинде гана жарандарга 2 млн 982 миң сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлгөн.
Уюмдун маалыматына караганда, жеке жактар үчүн ОСАГО полисинин базалык баасы 1 680 сомдон башталат. Полисти онлайн түрдө болжол менен 5 мүнөттө тариздөөгө болот.
ОСАГО полисин "Түндүк", MBANK, MegaPay, Optima жана O!Bank тиркемелери аркылуу алууга болот.