Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: ачылыш аземине билет баасы 5 миң сомдон башталат

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: ачылыш аземине билет баасы 5 миң сомдон башталат

31-августта "Бишкек Аренада" өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Билеттерди ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алууга болот. Алардын баасы орунга жараша 5 миңден 9 миң сомго чейин деп белгиленген.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине көрүүчүлөрдүн жеке автоунаа менен баруусуна уруксат берилбейт. Анын ордуна Бишкек шаарындагы атайын белгиленген 22 чекиттен "Бишкек Аренага" акысыз трансфер уюштурулат.

Автобустар 13:00дөн 15:00гө чейин каттайт. Акыркы автобус саат 15:00дө жөнөйт. Трансфер экспресс-маршрут боюнча жүрүп, жолдо токтобойт.

Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр автобуска түшкөн чекитке кайра жеткирилет. Бул үчүн маршрутунун номери жана баштапкы жөнөө дареги көрсөтүлгөн автобуска отуруу зарыл.

Ошондой эле ачылыш аземине 7 жаштан жогору көрүүчүлөр киргизилет. Билетти башка адамга өткөрүп берүүгө же кайра сатууга болбойт. Иш-чарага кирүү Face ID технологиясы аркылуу жүргүзүлөт.

31-августтагы иш-чарага чет мамлекеттердин башчылары да катышкандыктан, коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

Белгиленгендей, бул иш-чара "Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышы болуп саналбайт. Анын расмий ачылышы 5-октябрда чоң шоу-концерт менен өтүп, ага кирүү кыргызстандыктар үчүн акысыз болот. Иш-чара тууралуу кошумча маалымат кийин берилет.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media