Ала-Бука райондук сотунун жаңы имараты 43,9 млн сомго курулду

Ала-Бука райондук сотунун жаңы имараты 43,9 млн сомго курулду

Ала-Бука райондук сотунун жаңыдан курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абаддын облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки кабаттан турган имараттын курулушу 2023-жылы башталган. Долбоордун сметалык баасы 54 млн 965 миң 454 сомду түзүп, тендердин жыйынтыгында "СК Универсал" ЖЧКсы курулуш иштерин 43 млн 893 миң 178 сомго аткаруу укугун алган.

Жаңы имаратта 34 кызматтык бөлмө, кылмыш иштери боюнча бир жана жарандык иштер боюнча эки сот залы каралган. Имараттын жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзөт.

Ала-Бука райондук сотунун төрагасы Камбарбек Бейшеевдин айтымында, буга чейин райондук сот 1950-жылдан бери пайдаланылып келген эски имаратта жайгашып, анын аянты болгону 70 чарчы метр болгон.

Учурда райондук соттун аппаратында 14 кызматкер эмгектенет. Мындан тышкары, бир төрага жана үч судья иш алып барып, жылына орто эсеп менен 1500дөн 2000ге чейин соттук ишти карашат.

Жаңы имарат сот кызматкерлеринин иштөөсүнө жана жарандарга кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу шарт түзөрү белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кытайдан "Ч.К.М." ЖЧКсынын дарегине алып келинген металл прокатынын партиясын мыйзамсыз тариздөө фактысын аныктады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Түндүк-чыгыш бажысынын "Кант" бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору К.М.Т. жана "Ч.К.М.

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эненин боюнда 4 эм болуп, төртүнчүсү өспөй калган

Бүгүн, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Перинаталдык борборунда өзгөчө татаал кош бойлуулуктагы аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Аялдын кош бойлуулугу алгач төрт эм болгон жана табигый жол менен, ЭКОнун жардамысыз жаралган. Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Калган кош бойлуулукту дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп, сактап калуу үчүн