Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун күз-кышка даярдык көрүү боюнча буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы жана иш-чаралар планы бекитилди.

Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында калкты көмүр менен камсыз кылуу, түйүндөрдү ачуу, баасын туруктуу кармоо, ошондой эле электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Маалыматка ылайык, облустагы 431 билим берүү мекемесине 17 405 тонна кара алтын керектелет. Учурда сатып алуу боюнча келишимдер түзүлүүдө.

Саламаттык сактоо тармагындагы 257 мекемеге 3 038,4 тонна көмүр талап кылынат. Бул багытта тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлгөн. Учурда 80 тонна көмүр жеткирилди.

Ал эми калкты камсыз кылуу үчүн жалпы 101 миң тонна кара алтын керектелет. Район жана шаарларда көмүр сатуу боюнча 68 түйүн уюштурулуп, анын 21и муниципалдык экени айтылды.

Күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшү облустук штаб тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөрү белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media