Базар-Коргондо 3,3 чакырым канал тазаланып, Каба айылына суу берилди
Каба айылындагы сугат суу маселесин чечүү максатында Шабдан-Арык каналында 3,3 чакырым аралыкта механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган маселе президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда көтөрүлгөн.
Жыйынтыгында Шабдан-Арык каналын тазалап, Каба айылына сугат суусун жеткирүүнү тездетүү тапшырмасы берилген.
Бул тапшырманын негизинде Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каналдын 3,3 чакырым бөлүгү тазаланды.
Учурда Шабдан-Арык каналы аркылуу Каба айылына сугат суу жеткирилүүдө.
Ушуну менен айыл тургундары көптөн бери көтөрүп келген сугат суу маселеси чечилгени айтылды.


