Борбордогу 20 мектептин курулушун күн сайын көзөмөлдөө тапшырылды

Борбордогу 20 мектептин курулушун күн сайын көзөмөлдөө тапшырылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаада курулуп жаткан 20 мектептин курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга подрядчы уюмдардын жана министрликтин тиешелүү департаменттеринин өкүлдөрү катышты. Анда ар бир мектеп боюнча аткарылган иштер, курулуштун темпи жана алдыда аткарыла турган иштердин көлөмү каралды.

Белгиленгендей, жыл башында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен окуучулардын саны көп болгон Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жалпысынан 36 мектеп куруу милдети коюлган. Анын ичинен Бишкек шаарындагы 20 мектептин курулушу 2026-жылдын февраль–март айларында башталган.

Учурда мектептерде курулуш иштери акыркы баскычка чыгып, имараттардын сырткы жасалгасы жана инженердик тармактар орнотулуп жатат.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу күн сайын так маалымат берилип, аткарылган иштердин фото жана видео отчеттору өз убагында жөнөтүлүшү керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, министрликтин тиешелүү департаменттерине объектилердеги курулуш иштеринин сапатын, долбоордук талаптардын жана коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media