Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Кыргызстанда айрым салык төлөөчүлөргө салык карыздарын, туум жана санкцияларды эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзам кабыл алынды. Бирок жеңилдиктер автоматтык түрдө колдонулбайт, мыйзамда белгиленген шарттарды аткаруу талап кылынат.

Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мал экспорттоочулардын 2026-жылдын 1-январына чейинки салык карызынын 97%ы, ошондой эле туум жана санкциялардын 100%ы эсептен чыгарылат. Бул үчүн калган 3% негизги карызды төлөө зарыл.

Баткен облусунда турак үй курган ишкерлердин тиешелүү документтери болсо, салык карызы, туум жана санкциялары толугу менен эсептен чыгарылат.

Көмүр тармагындагы ишканалардын 2026-жылдын 1-январына чейин эсептелген туум жана санкциялары да эсептен чыгарылат. Мында негизги карызды 31-декабрга чейин төлөө шарт.

Мындан тышкары, 2026-жылдагы кыймылсыз мүлк салыгынын негизги суммасы толук төлөнсө, ага эсептелген туум жана санкциялар эсептен чыгарылат.

Толук маалыматты Салык кызматынын расмий сайтынан алууга болот.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media