Сузак жана Өзгөндө 742 гектар жердин көчөт отургузууга ылайыктуулугу бааланат

Сузак жана Өзгөндө 742 гектар жердин көчөт отургузууга ылайыктуулугу бааланат

Сузак жана Өзгөн райондорундагы 2027-жылы токой жана мөмө-жемиш көчөттөрү отургузула турчу аймактарга социалдык-экологиялык скрининг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, иштер БУУнун Жашыл климаттык фонддун каржылоосундагы CS-FOR долбоорунун алкагында ишке ашырылып, жалпысынан 742,82 гектар жер алдын ала бааланат.

Белгиленгендей, скринингдин негизги максаты — сунушталган жерлердин көчөт отургузууга ылайыктуулугун баалоо, мүмкүн болуучу экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди аныктоо жана аларды алдын алуу боюнча чараларды белгилөө.

Талаа иштерине ФАОнун адистери, токой чарбаларынын, айыл өкмөттөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Жаратылышты башкаруу жамааттык топторунун өкүлдөрү катышууда.

Алар жерлердин абалын, суу менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүн, жергиликтүү калктын жер пайдалануусун жана көчөттөрдү отургузууга даярдыкты баалап жатышат.

Анын ичинде Сузак районунда 471,12 гектар, Өзгөн районунда 271,70 гектар жерге баа берилет.

Адистердин айтымында, скринингдин жыйынтыгы 2027-жылдагы өсүмдүк отургузууга артыкчылыктуу аймактарды аныктоого, жергиликтүү бийлик органдары жана токой чарбалары менен иш-чараларды макулдашууга, ошондой эле мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алууга шарт түзөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media