Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда
Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө жалпы узундугу 1377 метр болгон жабык дренаж системасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы сметалык баасы 11 млн 899 миң 720 сомду түзөт.
Учурда 600 метр аралыкта казуу иштери жүргүзүлүп, бардык иш-аракеттер белгиленген тартип боюнча уланууда.
Жабык дренаж тутуму жаан-чачын жана жер алдындагы сууларды натыйжалуу өткөрүп, көчөлөрдө суунун топтолушун азайтууга жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин Талас өрөөнүнө болгон иш сапарында аталган куруу иштерин баштоо боюнча тапшырма берген.



