Унааны жасалма документ менен каттоого аракет кылган 4 шектүү кармалды

Унааны жасалма документ менен каттоого аракет кылган 4 шектүү кармалды

Чүйдө жасалма документтерди колдонуп, чет өлкөдөн келген унааны мыйзамсыз каттоого аракет кылган 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-июлда 1995-жылы туулган К.Д. аттуу жаран Сокулук-Москва райондук каттоо бөлүмүнө "Belgee X50" үлгүсүндөгү автоунааны мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн кайрылган. Унаа Казакстандан Кыргызстанга алып келингени көрсөтүлгөн.

Бирок каттоо учурунда берилген документтердин жасалма экендиги аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө автоунаа буга чейин Орусияда каттоодо турганы жана лизингде болгону белгилүү болгон.

Ошондой эле унаага байланыштуу жасалма каттоо күбөлүгү, сатып алуу-сатуу келишими, ишеним жана коштомо каттар даярдалып, Кыргызстанга жеткирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган К.Д., 1990-жылы туулган К.К., 2001-жылы туулган К.И. жана 1994-жылы туулган Э.Б. кармалды.

Алар Жазык-процесстик кодекстин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды табуу боюнча тергөө жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media