Баткенде шамалдан жабыркаган мекемелерге камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Баткенде шамалдан жабыркаган мекемелерге камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Баткен облусунда катуу шамалдан жабыркаган үч объектке кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Бел айылындагы "Барчын" бала бакчасына 11 479 сом, Төрт-Гүл айыл аймагындагы "Жаңы-Жер" орто мектебине 45 326 сом, ал эми Лейлек райондук Маданият үйүнө 372 196 сом төлөнгөн.

Белгиленгендей, камсыздандыруу кенемтеси келтирилген чыгымдар толук эсептелип жана так баалангандан кийин берилип жатат.

Эске салсак, 27-июнда болгон катуу шамал Баткен аймагындагы бир катар мекемелерге зыян келтирген.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алайда 50дөн ашык көмөк чордону оңдолуп, тейлөөдөн өттү

Чоң-Алайда 50дөн ашык көмөк чордону оңдолуп, тейлөөдөн өттү

Чоң-Алай райондук электр тармактары алты айда 0,4–10 кВ электр тармактарын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча пландалган иштерди толугу менен аткарды. Ош электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, Чоң-Алай РЭТинде 5 көмөк чордону оңдолуп, 50 көмөк чордону техникалык тейлөөдөн өттү. Ошондой эле 6–10 кВ аба чубалгыларынын 101,638

Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда ИДП 11,1% өстү

Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда ИДП 11,1% өстү

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 1 172,7 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдиришти. Билдирүүгө караганда, экономикалык өсүш негизги тармактардын көбүндө байкалды. 2026-жылдын

Жалал-Абадда туризмди өнүктүрүүгө инвестиция тартуу талкууланды

Жалал-Абадда туризмди өнүктүрүүгө инвестиция тартуу талкууланды

Жалал-Абад облусунда туризм тармагын өнүктүрүү боюнча жыйын өтүүдө. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу, орун басары Исламбек Увайдуллаев, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийликтин жана туризм тармагынын

Бишкекте жылуулук түтүктөрү алмаштырылууда

Бишкекте жылуулук түтүктөрү алмаштырылууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Энергетик» насостук станциясында жана Чүй проспектисинде жүрүп жаткан реконструкция иштерин текшерди. Мэриянын маалыматына ылайык, "Энергетик" станциясында жылуулук менен камсыздоо системасын децентралдаштыруу долбоорунун алкагында отканалар комплекси реконструкцияланууда. Бул жерде жалпы кубаттуулугу 27 МВт болгон үч заманбап газ казаны орнотулууда. Алардын экөөсүнүн кубаттуулугу 10 МВттан,