Эмгек министри жарандарды жеке кабыл алып, көйгөйлөрүн укту
14-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жарандарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Эмгек министрлигинин коомдук кабылдамасында өттү.
Жарандар жумушка орношуу, майыптыгы бар адамдарды араба жана балдак менен камсыз кылуу, жумуштагы көйгөйлөр жана жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнө байланышкан маселелер боюнча кайрылышты.
Кайрылууларды карап чыгып, министр тиешелүү жооптуу кызматкерлерге маселелерди ыкчам чечүү боюнча тапшырмаларды бергени айтылды.
Белгилей кетсек, жеке кабыл алууга жазылуу үчүн 1966 кыска номерине чалуу керек. Чалуу акысыз. Министрликтин адистери жарандар менен байланышып, кабыл алуунун күнү жана убактысы тууралуу маалымат беришет.


