Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди
Көк-Таш айылында селден жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, турак жайын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынан билидиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июнда болгон селден улам Айдана Тагаймуратованын үйү жараксыз абалга келген.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде демөөрчүлөр турак жай ээсине 20 миң даана кыш жеткирип беришти.
Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандарды колдоо жана алардын турак жай шарттарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү бийликтин негизги багыттардын бири экени белгиленди.



