Кыргызстан балдар үчүн угуу жабдууларын 30 млн сомго сатып алды

Кыргызстан балдар үчүн угуу жабдууларын 30 млн сомго сатып алды

Кыргызстан биринчи жолу угуусу начар 35 бала үчүн "Cochlear" компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлорун сатып алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы баасы 30 млн сомду түзгөн жабдуулар республикалык казынанын каражатына Австралиядагы өндүрүүчү заводдон түздөн-түз, ортомчуларсыз алып келинди.

Жаңы процессорлор балдардын угуу, баарлашуу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Белгиленгендей, жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай өткөрмө бекеттерди башкаруу боюнча келишим түзөт

Кыргызстан менен Кытай өткөрмө бекеттерди башкаруу боюнча келишим түзөт

14-августта Кыргызстан менен Кытай өткөрмө бекеттерди башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө долбоорду макулдашышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, талкууга Кыргызстандын Бажы жана Чек ара кызматтары, Тышкы иштер, Айыл чарба, Транспорт жана коммуникациялар, Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кытай тараптан тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болду.

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,4%га өстү

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,4%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,4%га өскөн. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 525 млрд сомдон ашты

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 525 млрд сомдон ашты

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 525,3 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө тамак-аш жана тамеки продукцияларын, негизги металлдарды, фармацевтикалык жана химиялык продукцияларды, курулуш материалдарын,

Социалдык контракт: Биринчи май районунда 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Социалдык контракт: Биринчи май районунда 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Биринчи май районунун муниципалдык администрациясында социалдык контракт боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Райондук администрациядан билдиришкендей, жыл башынан бери социалдык контракт боюнча 38 арыз түшкөн. Анын ичинен 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, 8 арыз кайра кароого калтырылып, дагы 8 арыз талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу четке кагылган.