Ысык-Көлдөн үч күндө 6,8 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн үч күндө 6,8 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн үч күндө 6800 метр синтетикалык тор жана 140 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы билдирди.

11-августта көлдөн 2300 метр синтетикалык тор жана 50 кг таштанды, 12-августта 2000 метр тор жана 40 кг таштанды, 13-августта 2500 метр тор жана 50 кг таштанды алынган.

Министрликтин маалыматына караганда, жыл башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан 24 300 метр синтетикалык тор жана 650 килограмм таштанды чыгарылган.

Рейддик иштер мындан ары да улантылары айтылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Россия балык жана мал чарбасы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Россия балык жана мал чарбасы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Алматы шаарында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков менен Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда балык чарбасы, асыл тукум мал чарбачылыгы жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Россиянын өзгөчө экономикалык аймагында суу биоресурстарын кармоого

Бишкектеги Осмонкулов көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюу тапшырылды

Бишкектеги Осмонкулов көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюу тапшырылды

Бишкек шаарынын Осмонкулов көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жарандан жол, тротуар, люк жана арыктардын курулушу боюнча кайрылуу келип түшкөн. Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын маалыматына ылайык, узундугу 1370 метр болгон тилкедеги иштер учурда аяктоо стадиясында. Объект расмий кабыл алына элек. Капиталдык оңдоо иштерин "

Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда айрым жолдор жабылат

Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда айрым жолдор жабылат

29-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ушул күндөрү ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Алар коомдук тартипти сактоого,

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Алматы шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Тараптар азык-түлүк буудайын туруктуу жеткирүү, орус буудайын Казакстан аркылуу транзиттөө жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелерин талкуулашты. Министрлер Кыргызстан менен Казакстандын агрохолдингдеринин