“Кыргыз-Ата” паркына көзөмөл-өткөрмө пункту курулат

“Кыргыз-Ата” паркына көзөмөл-өткөрмө пункту курулат

“Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш аркасын жана көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев жаратылыш парктары үчүн жаратылыш аймактарын сактоо менен бирге, эс алуучулар үчүн заманбап шарттарды да түзүү маанилүү экенин белгиледи.

Жаңы кире бериш аймакка кирүүнү иретке келтирүүгө, көзөмөлдү күчөтүүгө жана парктын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. Муну менен катар “Кыргыз-Ата” паркында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен заманбап тазалоочу курулмаларды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул долбоорду ишке ашыруу парктын экологиялык инфраструктурасынын негизги бөлүгү болуп, айлана-чөйрөгө болгон жүктү кыйла азайтууга, саркынды сууларды талаптагыдай тазалоону камсыз кылууга жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын жалпы экологиялык коопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

“Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркы 1992-жылы Ош облусунун Ноокат районунда түзүлгөн. Анын аймагы арча токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгү, ошондой эле кооз жаратылыш ландшафттары менен баалуу.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media