Милицияга пара берген жаран кармалды

Милицияга пара берген жаран кармалды

Кара-Суу районунда тергөөчүгө 40 миң сом акча каражатын пара катары берип жаткан жаран шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин                   345-беренесинин (Пара берүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 14-августта күнү 2004-жылы туулган А.М. аттуу жаран тергөөгө чейинки текшерүүнү оң жака чечип берүү үчүн милиция кызматкерине пара катары акча каражатын берип жаткан учурда кармалды.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң  $ ашык каражат салат

РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң $ ашык каражат салат

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстанда заманбап изоляциялык жана полимердик материалдарды өндүрүүнү кеңейтүү долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү. Долбоордун биринчи этабын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачкан. Экинчи этаптын алкагында РКӨФ - 800 миң $ ашык инвестиция салат. Долбоорго жалпы инвестициянын көлөмү

Ишкер Media
Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Американын Лос-Анжелес шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, сапардын максаты - Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышуу. Спутник SpaceX компаниясынын ракетасы менен орбитага чыгарылат. Мамлекет башчысын аэропорттон SpaceXтин глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
АИ-92га субсидия: бир айдоочу айына 4632 сом үнөмдөйт

АИ-92га субсидия: бир айдоочу айына 4632 сом үнөмдөйт

Монополияга каршы кызмат АИ-92 бензинине берилген субсидиянын эсебин чыгарды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Учурда субсидия - АИ-92 - литрине 30,88 сом, дизель - литрине 42,27 сом, автогаз - литрине 5,38 сом. Өлкөдө 1,5 млн унаа катталган, анын 1,2 млн жеңил, 300 миңи жүк ташуучу.

Ишкер Media
"Кантта" 3,2 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

"Кантта" 3,2 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

"Түндүк-Чыгыш" бажысы "Кант" бекетинде Европадан алып келинген эки жүк ташуучу унаа боюнча мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Volvo FH жана DAF XF 480 унаалары документтерде алардын чыгарылган жылы так көрсөтүлгөн эмес. Экспертиза көрсөткөндөй: • Volvo FH - 2019-жылдын январь айында чыгарылган,

Ишкер Media