Таласта 5 жылкы уурдалып, кылмышка шектүү жарандар кармалды
Манас районунун тургуну аймактык ички иштер бөлүмүнө 10-августта арыз менен кайрылып, 8-августка караган түнү талаада аркандалып турган 5 баш жылкысын белгисиз адамдар жиптерин кесип, уурдап кеткенин билдирген.
Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча Манас РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурдалган жылкылардын Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарында белгисиз жарандарга сатылгандыгы аныкталган.
Кылмыш ишине шектүү катары Манас районунун 1994-жылы туулган А.Е. жана 2005-жылы туулган Ө.Т. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошондой эле уурдалган жылкылардын арасынан 1 баш бээ жана 1 баш кулуну 16-августта Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базарынан табылып, ээсине кайтарылып берилди.
Белгиленгендей, учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо, ошондой эле уурдалган жылкыларды сатып алган адамдарды тактоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.

