Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Баткен облусунун Майдан айылында сууну натыйжалуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Өнүктүрүү демилгелер агенттиги" коомдук фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында аймактагы негизги суу булагы болгон "Бант суусу" каналынын 1320 метрин оңдоо каралган. Учурда курулуш иштерине 55 жергиликтүү тургун катышууда.

Долбоорду ишке ашырууга БУУнун Өнүктүрүү жана Азык-түлүк программасы колдоо көрсөтүүдө. Алар керектүү жабдууларды сатып алууга, ошондой эле жумушчуларга азык-түлүк берүүгө көмөктөшүшөт. Тактап айтканда, ар бир катышуучу 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк майын алат.

Мындан тышкары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин райондук башкармалыгы ар бир жаранга 1800 сомдон акчалай төлөм бөлөт.

Мындан тышкары, долбоордо аялдарды колдоого да көңүл бурулуп, 15 айым сууну үнөмдөөчү технологиялар боюнча окуп жатат. Ал эми 4 аялга тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу үчүн гранттык жардам берилди.

Тактап кетсек, деңиз деңгээлинен 1400 метр бийиктикте жайгашкан айылда 1670 адам жашаган 320 кожолук бар. Алардын кирешеси негизинен сугат суусуна көз каранды. Айылдагы сугат жерлердин жалпы аянты 210 гектарды түзөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын II чейрегинде көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга, ошондой эле башка юридикалык жактарга карата бир катар таасир этүү чараларын көргөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында микрофинансылык уюмдарга 30, кредиттик союздарга 29, кредиттик бюрого 1 жана

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кытайдан "Ч.К.М." ЖЧКсынын дарегине алып келинген металл прокатынын партиясын мыйзамсыз тариздөө фактысын аныктады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Түндүк-чыгыш бажысынын "Кант" бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору К.М.Т. жана "Ч.К.М.

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын