“ММ Стиль” ЖЧКсы Бишкек мэриясынын кара тизмесине киргизилди

“ММ Стиль” ЖЧКсы Бишкек мэриясынын кара тизмесине киргизилди

Бишкек шаарынын мэриясы “ММ Стиль” ЖЧКсы келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынынишенимсиз жеткирүүчүлөрүнүн реестрине киргизилгенин маалымдайт.

2025-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь административдик району боюнча муниципалдык администрациясы менен “ММ Стиль” ЖЧКсынын ортосунда 8-9-10-кичирайондордо жана “Тунгуч” кичирайонунда ирригациялык тармакты куруу боюнча иштерди аткарууга келишимдер түзүлгөн. 

Келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин белгиленген.

Аткарылган иштерди текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталган. Тактап айтканда, ирригациялык лотокторду орнотууда жана асбест түтүктөрүн төшөөдө талаптардын бузулганы, системанын айрым элементтеринин бузулушу, бетон конструкцияларында жаракалардын жана башка кемчиликтердин пайда болушу, эңкейиштердин талапка ылайык сакталбаганы, ага чектеш жол катмары түшүп калганы, конструкциялардын талаптагыдай бекемделбегени, ошондой эле сапаты талапка жооп бербеген асбест түтүктөрүнүн колдонулганы аныкталган.

Берилген маалыматтарга ылайык, иштердин аткарылыш деңгээли 8-кичирайондо – 85%, 9-кичирайондо – 99%, 10-кичирайондо –90% түзгөн.

Аныкталган кемчиликтерге карабастан, подрядчы аларды жоюу жана кепилдик милдеттенмелерин аткаруу боюнча коюлган талаптарды толук көлөмдө аткарган эмес.

Келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу “ММ Стиль” ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынын ишенимсиз жеткирүүчүлөрүнүн реестрине киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media