Ысык-Көлдөн 500 метрге жакын ситетикалык тор чыгарылды
Ысык-Көл облусунда кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Рейддик иш-чара Өрүктү жана Чоң-Өрүктү айылдарынын аймагында жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 500 метрге жакын эски кытай синтетикалык тор суудан чыгарылды.
Мындай синтетикалык торлор суудагы биологиялык ресурстарга олуттуу зыян келтирип, балыктардын жана башка суу жаныбарларынын кырылышына алып келиши мүмкүн.
Ысык-Көлдүн биологиялык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.