Июнда 12 миңден ашык үлгү лабораториялык текшерүүдөн өттү

Июнда 12 миңден ашык үлгү лабораториялык текшерүүдөн өттү

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларга жалпы 12 078 үлгү келип түшкөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен:

  • импорттук карантинге алынган продукциялардан — 7 005 үлгү;
  • экспорттук карантинге алынган продукциялардан — 3 725 үлгү;
  • изилдөө иш-чараларынан — 683 үлгү;
  • кайрылуулар боюнча — 448 үлгү.
Лабораториялар жалпы 28 767 экспертиза жүргүзүп, карантиндик зыяндуу организмдердин 10 түрүн аныкташкан. Алар: сойломо кекире, сары чырмоок, кызыл карагай мурутчаны, чие чымыны, томат күбөсү, төрт тактуу буурчак коңузу, сабак дат оорусу, алтын түстүү картошка нематодасы, Калифорния калканчысы жана тыт калканчысы.

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларда айыл чарба продукцияларына зыянкечтерди, илдеттерди, отоо чөптөрдү жана нематодаларды аныктоо боюнча экспертизалар жүргүзүлөт.

Лабораториялык изилдөөлөр карантиндик зыяндуу организмдерди өз убагында аныктоого жана алардын жайылышына жол бербөөгө багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media