Кара-Суудагы эски мектептин имараты бала бакча болот
Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы №108-мектептин имаратын бала бакча кылуу боюнча тендер жарыяланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, сатып алуунун болжолдуу баасы 8 040 635 сомду түзөт.
Сатып алуу ыкмасы – эки конверттүү ачык тендер, ал эми баалоодо стандарттуу ыкма колдонулат.