"Кыргыз Агрохолдинг" Бишкекте 100гө чейин эт фудтрагын ачууну көздөөдө

"Кыргыз Агрохолдинг" Бишкекте 100гө чейин эт фудтрагын ачууну көздөөдө

"Кыргыз Агрохолдинг" ААК Бишкекте жана өлкөнүн аймактарында 100гө чейин эт сатуучу фудтракты этап-этабы менен ачууну пландоодо. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен компаниянын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.

Учурда Бишкекте компаниянын 10 соода түйүнү иштеп жатат. Анда эт продукциясынын түрлөрү сатылып, сөөктүү эттин бир килограммы 680 сомдон сунушталууда.

12-августта өткөн жолугушууда тараптар эт рыногундагы суроо-талап менен сунуштун абалын, продукциянын өздүк жана акыркы баасына таасир эткен факторлорду, ошондой эле эт өндүрүү жана сатуу көлөмдөрүн талкуулашты.

Компания жаңы соода түйүндөрүн ачуу аркылуу эттин калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөөдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маалымат алмашууну күчөтүү жана эт рыногундагы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүү боюнча макулдашты.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Айыл чарба министрлиги менен биргеликте ички рынокту эт менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларга мониторинг жүргүзүү иштерин улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media