Кыргызстан органикалык продукция үчүн лабораториялык базаны күчөтөт

Кыргызстан органикалык продукция үчүн лабораториялык базаны күчөтөт

Бүгүн Айыл чарба министрлигинде лабораторияларга комплекстүү баа берүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун экинчи жыйыны өттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыйында өлкөдө иштеп жаткан лабораториялардын абалы, материалдык-техникалык жабдылышы, кадрдык потенциалы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн түрлөрү боюнча талдоо сунушталды.

Өзгөчө айыл чарба продукцияларына анализ жүргүзүү, анын ичинде пестициддердин калдыктарын аныктоо, ошондой эле продукциянын сапатын жана коопсуздугун тастыктоочу башка көрсөткүчтөрдү текшерүү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн зарыл болгон лабораториялык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, органикалык продукцияга коюлган талаптарга ылайык лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн түрлөрүн кеңейтүү зарыл.

Жыйынтыгында лабораторияларды баалоо жана органикалык өндүрүш үчүн зарыл болгон лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо багыттары аныкталды.

Лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү органикалык продукциянын сапатын жогорулатууга жана анын ички жана тышкы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн арттырууга багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media