Кыргызстандын аймагында жер тирирөө катталды
Кыргызстандын аймагында 19-августта саат 04:53тө күчү 4 балл тегерегинде жер титирөө катталды.
Сейсмология институту маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан 165 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү cезилген эмес.