Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги майыптыгы бар адамдарга медициналык реабилитациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун эмгек министри К. Сагынбаев менен саламаттык сактоо министри Д. Осмонов жолугуп, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоону уюштуруу жана учурдагы механизмдерди өркүндөтүү маселелерин карашты.
Негизги көңүл майыптык белгиленгенден кийин жарандарды зарыл медициналык жардам жана реабилитациялык иш-чаралар менен камсыз кылууга бурулду.
Ошондой эле реабилитациялоо жана абилитациялоонун жеке пландарын ишке ашыруу, жарандардын ден соолугун калыбына келтирүү жана коомго ыңгайлашуусу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.
Тараптар бул багыттагы кызматташтыкты улантып, эки министрликтин иш-аракеттерин координациялоону күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.